Поезд вагондорду аңтара сүзгөн кырсыктын чоо-жайы белгилүү болду

Жазылуу
Окуя кечээ саат 22:00дөр чамасында катталган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 12-августта Токмокто эки поезддин кагылышуусунан бир киши жаракат алып, жети вагон оодарылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык саат 22:00дөр чамасында катталган.

"Токмок айнек заводунан 18 вагону менен чыккан поезд катуу ылдамдыкта келип, Токмок темир жол бекетинде токтоп турган вагондорду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы киши жабыркап, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Андан сырткары, жети вагон рельстен чыгып оодарылып калган", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлери барышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0