ӨКМ: түндө болгон жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жетти

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүүнү өлкөнүн түштүк, түндүк аймактары сезген.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстанда түндө болгон жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жеткенини ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер 12-августта 23:14тө силкинген. Анын очогу Жалал-Абаддан чыгышка карай 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Волк в лесу в зоне отчуждения вокруг чернобыльской АЭС. Апрель 2012 года - Sputnik Кыргызстан
Алаамат болгон Чернобылди байырлаган бугу, карышкыр, кундуз... Сүрөттөр
Калк жашаган аймактардын ичинен Тосой, Ничке-Сай, Заргер, Кыргызстан, Кайрат, Жийде, Ак-Терек айылдарында жер титирөөнүн күчү 6 баллга жетсе, Ор-Казган, Таш-Купыр, Ара-Көл, Салам-Алик, Эркин-Тоо, Красный Маяк, Жыланды, Шоро-Башат, Мырзаке айылдарында жана Өзгөн шаарында 5 балл болгон.

Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кара-Суу шаарларында жана Сузак, Куршаб, Калмак, Кырчын айылдарында жер титирөөнүн күчү 4 баллды көрсөткөн. Ош, Кочкор-Ата шаарларында жана Масы, Казарман айылдарында күчү 3 балл болуп сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0