Опумбаев: Абдил Сегизбаевди эч ким аткан эмес, чалынып жыгылып кетсе керек

Жазылуу
Кой-Таштагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүштү.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын билдирди.

Белгилей кетсек, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында Сегизбаевдин жаракат алганы айтылган.

Маалымат жыйын учурунда Опумбаевге "Жөнөкөй жарандар да оор жаракат алдыбы?" деген суроо берилген.

"Аны эч ким аткан жок. Качып баратып жөн эле буту бир жерге урунуп көгөрүп калышы мүмкүн. Ал өзүн жарадар адамдай көрсөткүсү келип жатат", — деди Опумбаев.

Кой-Таштагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүштү.

ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын башчысы Атамбаев чабуулга кандайча даярдык көргөнүн айтты
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Спецназдын алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0