Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү операциядын кийин. Архивдик сүрөт

УКМК башчысы Атамбаев аткан ок кимдерге тийгенин божомолдоду

536
(жаңыланган 13:44 13.08.2019)
Опумбаев тергөө күнөөлүүлөрдү укуктук талаада далилдей турганын айтты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылындагы чабуул учурунда каза тапкан "Альфанын" кызматкерине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан чыгарылган ок тийген болушу мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Алты жолу атылган ок боюнча Атамбаевдин айткандары тастыкталды. Биринчи ок Үсөн Ниязбековго тийиш мүмкүн. Анын артында төрт баласы калды. Эң кичүүсү 1,5 жашта. Ниязбековду жүрөккө атышкан. Ага-лейтенант Ж.У. дагы ок жеп, көзү агып калды. М.Б. аттуу майордун сол далысына, И.Б. аттуу лейтенанттын төшүнө, В.А. аттуу подполковниктин ичине, С.С. аттуу подполковниктин далысынын астына ок тийген. Тергөө мунун баарын укуктук талаада далилдейт", — деди Опумбаев.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Спецназдын алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

536
Белгилер:
ок атуу, Алмазбек Атамбаев, УКМК, Кыргызстан
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
Тема боюнча
Кой-Таштагы чыр: абакта жатып алып аткаминерлерди алдаган киши табылды
Кой-Ташта жабыркаган аскерлерге акча чогултулуп жатабы? УКМКнын жообу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү талап-тонолдубу? Милиция маалымат таратты
Кой-Таштагы окуядан баш-аягы канча киши жабыркаганы айтылды
Кой-Таш окуясы: милиционер аялдарды тээп, жаткыра чапкан видео тарады
Сууга түшкөн унаа. Архив

Бишкекте микроавтобус ЧЧКга түшүп кетти. Видео

198
(жаңыланган 23:37 11.07.2020)
Кайгуул милициясы окуя болгон жерге чыгып кеткен экипаж автоунааны таппай койгонун белгиледи.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайгуул милициясы бүгүн Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен микроавтобусту издеп жатат. Бул тууралуу аталган органдар билдиришти.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Кадрларда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус каналга түшүп кеткенин көрүүгө болот.

Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео

Кайгуул милициясы окуя болгон жерге чыгып кеткен экипаж автоунааны таппай койгонун, мындан улам издөө аракеттери башталганын белгиледи.

Ал эми ӨКМ саат 15.30дарда Үсөнбаев көчөсүнө чакыруу түшкөнүн, автоунааны адамдар өз алдынча суудан чыгарып алганын билдирди. Куткаруучулар иштеген эмес.

198
Белгилер:
милиция, ӨКМ, микроавтобус, Чоң Чүй каналы, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео
Кайгуул кызматынын унаасы. Архив

Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео

317
(жаңыланган 23:43 11.07.2020)
Машина Lexus RX330 автоунаасы менен кагышкан. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, кроссовердин айдоочусу трассага эки жагын карабай чыга калган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкектен алыс эмес айланма жолдо Кайгуул милициясынын автоунаасы кырсыкка кабылганын "Короче" Telegram-каналы кабарлады.

Окуя бүгүн болжол менен саат 16.30дар чамасында айланма жолдун Махатма Ганди көчөсү менен кесилишкен жеринде болгон. Күбөнүн айтымында, машина Lexus RX330 автоунаасы менен кагышкан.

Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады. Алдын ала маалымат боюнча, кроссовердин айдоочусу трассага эки жагын карабай чыга калган.

317
Белгилер:
Чүй облусу, Бишкек, жол кырсык, автоунаа, Кайгуул милициясы
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео

COVID-19дун белгилери байкалган тааныш же туугандарыңыз барбы?

0
0