Альпинист. Архивдик сүрөт

Жеңиш чокусунан учуп түшкөн россиялык альпинист каза тапты

211
Буга чейин маркум Хан-Теңир чокусун багынткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиядан келген альпинист Сергей Войличенко Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан каза тапканын "Новости Иркутской области" агенттиги жазып чыкты. https://irksib.ru/allnews/13-incients/15371-irkutskij-alpinist-sergej-vojlichenko-pogib-na-pike-pobedy-v-kirgizii

Маалыматка ылайык, кырсык 13-август күнү Тянь-Шандын эң бийик жеринде болгон. Россиялык жаран новосибирскилик санаалаштары менен чокуга чыгып бара жаткан.

"Сергей тоодон түшүп келе жатып ылдыйды көздөй учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат. Иш-чарага новосибирскилик альпинисттер да катышууда", — дешти Жеңиш чокусуна чыгууну уюштуруп келген "Аксай-Тревел" фирмасынан.

Войличенко Иркутскидеги альпинизм секциясын жетектеп келген. Каргашага чейин 7000 метр бийиктиктеги Хан-Теңир чокусун багынткан.

211
Белгилер:
альпинизм, чоку, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Ленин чокусунда жоголгон Россия жаранынын сөөгү табылды
Каза болгон кишинин денесин алып бараткан медиктер. Архивдик сүрөт

COVID менен пневмония бир күндө 48 кыргызстандыктын өмүрүн алды

248
(жаңыланган 11:03 12.07.2020)
Март айынан бери пневмония дарты 423 адамдын өмүрүн алды. Ушул эле аралыкта коронавирустан 132 киши каза болду.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир күндө кооптуу вирустун кесепетинен 48 адам кайтыш болду. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Анын ичинен COVID-19 инфекциясынан жети адам көз жумуп, алардын төмөнкү ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды:

  • Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында — 37 жана 57 жаштагы эркек киши, 58 жаштагы аял;
  • Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында — 57 жаштагы аял;
  • Ат-Башы аймактык ооруканасында — 64 жаштагы аял;
  • Жайыл аймактык ооруканасында — 36 жана 52 жаштагы эркек киши.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандарын саны 132 кишини түздү.

COVID жана пневмонияны дарылаган ооруканаларга бирден өкмөт мүчөсү бекиди. Тизме

Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмония оорусунан кечээтен бери 41 бейтап ажал тапты.

Каза болгондордун 19у Бишкекте, 22си өлкөнүн башка аймактарында катталды.

Март айынан бери пневмония дарты 423 адамдын өмүрүн алды.

248
Белгилер:
Кыргызстан, өлүм, пневмония, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
10 000ден ашты! Дагы 719 адам коронавирус жуктуруп алды
Чубак ажыны ооруканалар кабыл албай койгонбу? Министрлик үн катты
Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө
Сууга түшкөн унаа. Архив

Бишкекте микроавтобус ЧЧКга түшүп кетти. Видео

462
(жаңыланган 23:37 11.07.2020)
Кайгуул милициясы окуя болгон жерге чыгып кеткен экипаж автоунааны таппай койгонун белгиледи.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайгуул милициясы бүгүн Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен микроавтобусту издеп жатат. Бул тууралуу аталган органдар билдиришти.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

Кадрларда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус каналга түшүп кеткенин көрүүгө болот.

Кайгуул милициянын унаасы айланма жолдо кырсыкка кабылды. Видео

Кайгуул милициясы окуя болгон жерге чыгып кеткен экипаж автоунааны таппай койгонун, мындан улам издөө аракеттери башталганын белгиледи.

Ал эми ӨКМ саат 15.30дарда Үсөнбаев көчөсүнө чакыруу түшкөнүн, автоунааны адамдар өз алдынча суудан чыгарып алганын билдирди. Куткаруучулар иштеген эмес.

462
Белгилер:
милиция, ӨКМ, микроавтобус, Чоң Чүй каналы, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео
 Экс-муфтий Кыргызстана и член Совета улемов Чубак ажы Жалилов

Чубак ажынын санаалаштары: медиктерге доомат жок, колунан келгенин жасашты

0
(жаңыланган 11:56 12.07.2020)
Аалымдын санаалашы Чубак ажы ооруканага келери менен жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулуп, дароо реанимацияга жаткырылганын айткан.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Муфтият “дин аалымы Чубак ажы Жалиловду ооруканага кабыл албай койгон жана жасалма дем алдыруучу аппарат жетпей калды” деп социалдык тармактарда айтылып жаткан кеп боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта Чубак ажы ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгону айтылат. 

“Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууга болгон аракетин жумшаган. Тилекке каршы, ал эки тараптуу пневмонияга кабылып өз ажалынан акка моюн сунган”, — деп жазылат маалыматта.

Апасынын жанына коюлду. Чубак ажынын сөөгү жерге берилди. Сүрөт, видео

Ошондой эле ал Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00гө жакын Бишкектеги Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө алып келишкенин билдирген.   

“Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Жасалма дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимацияга алып кирип кетишкен. Дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийиштүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Чубак ажы ажалынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”, — деп айткан Асан ажы Сыргабаев.

Мончодон чыкса деле киши кирдейт. Чубак ажынын учкул сөздөрү

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги Чубак ажы Жалиловго эки тараптуу пневмониянын оор түрү деген диагноз коюлганын билдирген. Маркум кант диабети менен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан 11-июлга караган түнү саат 2.50дө көз жумган. Ал эми оорукана кабыл албай койгон деген билдирүү чындыкка дал келбей турганын маалымдаган.

Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун сөөгү кечээ, 11-июлда, кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында жерге берилди

0
Белгилер:
пневмония, доомат, оорукана, муфтият, Чубак ажы Жалилов
Тема:
Чубак ажынын каза болушу
Тема боюнча
Апасынан айрылган кыз: "Гансиде" ачылды делген реанимациялык блок иштеген жок
Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн
Чубак ажы өмүрүн элдин руханий жактан оңолуусуна арнады. Муфтийдин билдирүүсү