Бишкек — Алматы жолундагы кандуу кырсыктан КР жарандары жабыркадыбы? Расмий жооп

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВручение автомобилей скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Свердловской области
Вручение автомобилей скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу машина менен жеңил автоунаанын кагылышуусунан беши киши көз жумган. Анын ичинде үч бала бар.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Алматы — Бишкек трассасынын 84-чакырымында болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Алматы облусунун Полиция департаментинен кабарлашты.

Каргаша 13-августта болжол менен саат сегиздерде болгон. Mazda-626 үлгүсүндөгү унаа Shacman менен кагыша кеткен. Анын кесепетинен айдоочу төрт жүргүнчүсү менен мүрт кеткен. Көз жумгандардын арасында үч бала бар экени, кичүүсү төрт жашта болгону айтылат.

Дагы төрт киши оор абалда ооруканага жеткирилген.

Полициядан мертингендердин баары казакстандыктар экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0