Бишкектин айланасындагы жүздөгөн гектар жер кантип сатылган. Соттук өкүм

Жазылуу
Борбор калаанын айланасында башаламан сатылган жер тилкелер, курулуп кеткен үйлөр боюнча талаштар көптөн бери токтобой келет. Анын кесепетинен үй курууга уруксат кагаз алып, бирок ара жолдо калгандар да арбын.

Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялап, аны чекесинен сатып байыгандардын арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаков бар. Айыбы жети жылдан кийин ачылган Самаковду Октябрь райондук соту сегиз жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн конфискациялады. Үстүбүздөгү жылдын июнунда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыш ишинин чоо-жайына кызыгып көрдү.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Сот уланууда. Бишкек ТЭЦи боюнча сурак берип бүткөндөрдүн тизмеси
2008-жылы Бишкектин четиндеги 262 гектар айдоо, сугат жана жайыт жерди трансформациялоо боюнча кабыл алынган чечимди өкмөт жети жылдан кийин кайра жокко чыгарган. Үй курам деген ниет менен ошол жерден жер тилке сатып алган канча деген киши же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок ара жолдо калган. Мындан улам укук коргоо органдары түрдүү фактылар боюнча тергөө иштерин баштаган. Иликтөө учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун да аты аталып, ага "Коррупция" беренеси боюнча айып коюлган.

Бул чуулуу иштин чоо-жайы сот чыгарган өкүмдүн негизинде талданды.

Алгачкы кадам, дымактуу ойлор

Экс-депутат Карганбек Самаков 2007-жылы Бириккен Араб Эмирлигиндеги ири компаниялардын биринин ээси менен жакын мамиле түзүп, Кыргызстанда ири бизнес долбоорду ишке ашырууга бел байлаган. Алар Бишкектин айланасына дипломатиялык шаарча, ишкерлер үчүн борбор, эс алуу жана көңүл ачуучу комплекстерин салмак. Курулуш иштери үчүн Самаков тиешелүү жер тилкелерин табышы керек эле. Ал үчүн Самаков бир жылга жетпеген убакыт ичинде араб өнөктөшүнөн 15 миллион 413 миң доллар акча алган. Ага өзүнүн жакындары жана туугандары менен биргеликте борбор калаанын айланасындагы айылдарга караган айыл чарба багытындагы 262 гектар жерди сатып алган. Ар бир гектар жер 5000 доллардан 15 миң долларга чейин бааланган. Айдоо жерлер депутаттын тууган-туушкандарынан тарта айдоочу, жансакчысы, ишеничтүү жардамчысынын туугандарына чейин катталган. 

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Карганбек Самаков
Бишкектин айланасындагы жүздөгөн гектар жер кантип сатылган. Соттук өкүм - Sputnik Кыргызстан
Экс-депутат Карганбек Самаков

Бакиевдер кантип аралашкан?

Нападение с ножом на беременную женщину в Бад-Кройцнахе - Sputnik Кыргызстан
Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Акчанын күчүнө салгандар жергиликтүү тургундар менен бийлик өкүлдөрүн курулуш башталып жолдор курулуп, чакан аэродром салынып, жаңы жумушчу орун түзүлөт деп ишендирген. Кийинки жылы Жогорку Кеңештин депутаты жүздөгөн гектар аянтты трансформация кылдыртып, айыл чарба багытындагы жерди "калк жашаган жерлер" категориясына котортуу аракеттин көрө баштайт. Бирок бул маселе менен алектенген республикалык комиссия Самаковдордун бул өтүнүчүн канаттандырган эмес. Эл өкүлү маселени оңунан чечүү үчүн 2008-жылы президент Курманбек Бакиевге кат жазып, иниси Жаныш Бакиевге бир миллион доллар карматат. Мындан сырткары, сатып алган жер трансформацияланса, Байтик айылындагы эки гектар жерге көп кабаттуу үй куруп берип ыраазы кылмак.

Андан соң өлкө башчысы бир тууган инисинин суранычын четке какпай премьер-министр, өкмөт мүчөлөрүнө аталган маселени Самаковдун пайдасына чечүүнү тапшырган. Ошентип бир катар мыйзам, процедуралар бузулуп, документке ал кездеги өкмөт башчы Игорь Чудинов кол коюп, 262 гектар айдоо, сугат жана жайыт жер трансформацияланат.

Кирешелүү жер сатуу жана камак

Кийин Карганбек Самаков трансформацияланган жерлерди четинен сата баштап, 2011-жылы билим берүү мекемесин куруу ниетин билдирген коомдук фондго 84,86 гектар жерди 380 миллион 114 миң 246 сомго банк аркылуу котортуп сатып жиберген. Анысы аз келгенсип, 2014-жылы 134,2 гектарды турак жай куруу үчүн элге 887 миллион сомдон ашык акчага саткан.

Жети жыл өткөн соң, 2015-жылы, Башкы прокуратура ал чечимди жокко чыгаруу боюнча өкмөткө кайрылган. Укук коргоо органынын ал өтүнүчү канааттандырылып, май айында Самаков камакка алынган болчу. 

© Sputnik / Андрей СтенинКачкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев
Бишкектин айланасындагы жүздөгөн гектар жер кантип сатылган. Соттук өкүм - Sputnik Кыргызстан
Качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев

Бийлик төбөлдөрү аралашкан былык

Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирип, кызмат абалынан кыянаттык кылгандардын арасында ошол кездеги президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, премьер-министр Игорь Чудинов, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиев, айыл чарба министри Арстанбек Ногоев, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков, анын уулу Кубанычбек Самаков жана кылмышка тиешеси бар делип Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков жана Аликбай Сариев айыпталган.

УКМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин
Териштирүү маалында соттолуучулардын көпчүлүгү күнөөсүн мойнуна албай, тагылган айыптарга макул болгон эмес. Карганбек Самаков мамлекет алдында көп жакшы иш жасаганын, Бакиевдер менен жакын мамиледе болбогонун билдирген.

Кээ бир айыпталуучулар тергөөчүлөр тарабынан кысым болгондугун, ондогон гектар жерди ишкерлик кылуу үчүн мыйзам чегинде гана сатып алгандыгын айткан.

Сотто ондогон күбөлөр суралып, айрым мамлекеттик кызматкерлер 2008-жылы трансформацияга каршы корутунду чыгарып бергендигин да жашырган эмес. Ага карабай жогорку кызматтагы аткаминерлер аны трансформациялаган.

Укук коргоо кызматкерлери ошондой эле Самаковдордун жакындары бир күндө эле (2008-жылдын 4-апрелинде) алып-сатып алуу боюнча 57 келишим түзүп, 83 гектардан ашык жерди алышкандыгын документтердин негизинде тактаган. 

Соттолгон табакташтар

Фемида өкүлдөрү соттолгондордун доо арызынын негизинде ишти ушул жылдын июнь айында кайра караган. Жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Курманбек Бакиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
УКМК Бакиевдерди колдогон ЖМКларга эскертүү берди
Ага ылайык, Карганбек Самаков, Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев, Арстанбек Ногоев он, Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов, Абай Таштанбеков жана Аликбай Сариев сегиз жылдан эркинен ажыратылып мал-мүлкү конфискацияланган. Ал эми Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиев мамлекетке 5 миллион сомдон төлөмөр болушкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында Карганбек Самаков жатак абагына которулган. Экс-депутатка карата жаңы мыйзамдардагы гуманизация колдонулган. Анын негизинде Самаков 1,5 жылдай чет өлкөгө чыкпашы жана ар кыл саясий иштерге катышпашы керек

Жаңылыктар түрмөгү
0