Мурунку президенттин жубайы Раиса Атамбаева. Архивдик сүрөт

Раиса Атамбаева: бүгүн мага да кылмыш иши козголгону жатат

1904
(жаңыланган 11:45 16.08.2019)
Ушул тапта УКМКда Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралууда.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Манас Арабаевдин иши боюнча Раиса Атамбаевага да кылмыш иши козголууда. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жубайы УКМК имаратынын алдында журналисттерге билдирүү жасап жатып айтты.

Эскерте кетсек, ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны өтүп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат.

Сот өтүп жаткан жерге мурунку президенттин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары Сейит менен Кадыр Атамбаевдер, ЖК депутаты Ирина Карамушкина, кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жана бир топ тарапташтары келишкен.

Атамбаеванын айтымында, ушу тапта Атамбаевге тиешелүү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциядагы үйүнө мөөр басылып, ал жакка кирүүгө мүмкүн эмес. Мындан тышкары, 2002-жылы ачылган эсеби да камакка алынганы белгилүү болду.

"Бүгүн Манас Арабаевдин ишинин алкагында мага да кылмыш иши козголуп жатканын билдим. Алмазбек Шаршеновичтин үй-бүлөсүнө, тарапташтарына саясий куугунтук күчөп жатат. Кудаларыбыздын үйү тинтүүгө алынды. Кой-Таштагы үйдү да камакка алышат деген божомол бар. Эгер ошондой боло турган болсо, мен балдарым менен көчөдө калам. Мен эч качан саясатка аралашкан эмесмин", — деди Раиса Атамбаева.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-август күнү эки күнгө созулган атайын операциядан кийин багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Атамбаевге 14 айып тагылууда. Мурунку президенттин жактоочулары Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча доо арыз беришкен.

1904
Белгилер:
кылмыш иши, эсеп, камак, Кой-Таш, Раиса Атамбаева, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (96)
Тема боюнча
Раиса Атамбаеванын уулу Кадыр менен УКМКга келген видеосу
Алмазбек Атамбаевге 14 айып коюлду. Тизме
Атамбаевдин камерадагы шарты менен абалы айтылды
Турак жайдагы лифттин баскычтары. Архив

Тамак ташыган лифт официант келиндин башын үзүп кете жаздады. Москвадагы окуя

26
(жаңыланган 22:57 09.08.2020)
Официант тамак ташыган анча чоң эмес лифтинин жанында турган. Ошол мезгилде, сыягы, ал биринчи кабаттагы ашпозчуларды чакырып жаткан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Москванын түштүк-батыш тарабындагы тамактануучу жайлардын биринде тамак ташыган лифт аз жерден барда иштеген официанттын башын үзүп сала жаздады. Бул тууралуу РИА Новости "Московский комсомолец" басылмасына таянып кабарлады.

Окуя 8-августка караган түнү болгон. Официант келин тамак ташыган анча чоң эмес лифтинин жанында, экинчи кабатта турган. Ошол мезгилде, сыягы, ал биринчи кабаттагы ашпозчуларга бир нерсени кыйкырып айтып жаткан.

"Аял кокустан кнопканы басып алып, лифт биринчи кабатка кетип калган. Токтотуучу системасы иштеп баштаганда ал бир нече метрге өтүп кеткен. Жыйынтыгында официант келиндин мойну эки механизмдин ортосунда калган. Лифтти экинчи кабатка чакырып, эптеп башын тартып алганга үлгүргөн. Учурда моюн омурткасы сынып, реанимацияда жатат", — деп айтылат маалыматта.

Шуулдаган парашют, айланган жер... Россиялык десантчылардын видеосу

Күбөлөрдүн айтымында, ал чарчагандыктан ушундай окуяга кептелген. Жабыркаган аялдын баласы бар, өзү Воронеж шаарынан, аталган барда бир айдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатканы маалым болду.

26
Белгилер:
лифт, окуя, официант, Москва
Тема боюнча
Ажалы жок экен. Кытайда 30-кабаттан кулаган кишинин аман калган видеосу
Бейруттагы жарылуудан жабыркагандарга жардам берүү

Бейрутта жарылуудан тирүү калган адамдарды издөө иштери аяктады

93
(жаңыланган 18:22 09.08.2020)
Издөө-куткаруу иштери аяктады. Ливандын Коргоо министрлиги жаңы адамдар табылат деп күтпөй турганын расмий билдирген.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бейруттагы жарылуудан кийин тирүү адамдарды издөө иштери аяктады, учурда урандыларды тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги РИА Новостиге билдирген.

"Издөө-куткаруу иштери аяктады, ал эми авариялык-куткаруу иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Ливандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кабыл алуучу тарап катары урандылардын алдынан жаңы адамдар табылат деп күтпөй турганын расмий билдирген.

Кыйратуучу жарылуу 4-августта Бейруттун деңиз портунда болгон. Жарылуунун толкуну менен ондогон көп кабаттуу үйлөр, автоунаалар талкаланып, шаардагы көпчүлүк кварталдагы имараттардын терезелери сынган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жарылууга 2014-жылдан бери кампада 2750 тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталганы себеп болгон. Жарылуудан 158 киши каза болуп, алты миңден ашык адам жаракат алышкан.

14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео

Россия Ливанга ӨКМдин бир нече учагын жиберген. Жарылуу болгон жерден беш чакырым алыс жерге талаа ооруканасы ачылган. Россиянын куткаруучулары Бейруттун портунда иштерин улантып жатат.

93
Белгилер:
ӨКМ, Россия, куткаруу, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Бейрутта жабыркагандардын арасында КР жарандары бар-жогун ТИМ тактады