Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит ур-токмокко алынганбы? ИИМдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейитбек Атамбаев ИИМге Кой-Таштагы окуя боюнча чакырылган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлиги мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев катуу ур-токмокко алынган деген маалыматка түшүндүрмө берди.

"Сейитбек Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына 8-августта чакырылган, анда эч кандай жаракаты жок болчу. Эртеси күнкү сурак учурунда бутун кайрып алып, Манас проспектисинде жайгашкан травматологиялык пунктуга кайрылганын айтып берген. Өзүнүн билдиргени боюнча, 7-8-август күнү Кой-Ташта болуп өткөн окуяларда дене-боюна эч кандай залака келтирилген эмес", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ал эми Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы менен баарлашып жатып Атамбаев Кой-Таштагы окуялар учурунда бутун жабыркатып алганын белгилеген.

Кой-Таш окуясы

Прилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмеси жарыяланды
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0