Кой-Ташта спецназдын таягынан бир адам көз жумдубу? УКМК Карамушкинага жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАтамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Кой-Таштагы окуя учурунда спецназ тарабынан сабалган тургун каза болгонун айткан болчу.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын "Миржан Курманбек уулу аттуу тургун спецназ жоокеринен токмок жеп каза болду" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Атайын кызмат депутаттын мындай билдирүүсүн такталбаган маалымат менен элдин башын айландыруу катары баалап, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эскертти.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө Кой-Таштагы окуя учурунда жаракат алган 10 адам ооруканада жатканын билдирди.

Маалыматта 7-8-август күндөрү ар кандай жаракат алып 139 адам дарыгерлерге кайрылганы айтылат. Тиешелүү медициналык жардам алгандан кийин көпчүлүгү кайра үйүнө чыгарылган. Азыркы тапта Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда төрт, Улуттук госпиталда алты адам дарыланууда.

"14-15-август күндөрү Арашандын дарыгерлер бригадасы Кой-Таш айылында 150 үйдү жана Арашан айылында 100 үйдү кыдырып чыккан. Анда жергиликтүү тургундар медициналык жардамдын кереги жоктугун айтышкан. Ал эми "айыл тургуну Миржан Курманбек уулу спецназ жоокерлеринен токмок жеп каза болду" деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай адам жаракат алып ооруканага түшкөндөрдүн тизмесинде да жок", — деп айтылат маалыматта.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит ур-токмокко алынганбы? ИИМдин жообу
Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0