Кыргызстандыктар Москвада үрөй учурган жол кырсыкка кабылды. Видео

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаанын ээси рулду башкара албай фураны барып сүзгөн. Айдоочу менен эки жүргүнчү кыргызстандык экендиги айтылды. Үчүнчү киши Кыргызстанда төрөлгөн.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналына Москвадагы Мытищи шаарында үч кыргызстандык жана Кыргызстанда төрөлгөн бир адамдын жолдо кырсыктаган видеосу тарады.

Буга чейин 17-августта болжолу менен саат 19:30дар чамасында кыргызстандык М.М. аттуу жаран унаасын башкара албай, токтоп турган фураны сүзгөндүгү айтылган. Айдоочудан тышкары унаада үч киши болгон. Алардын экөө кыргызстандык, дагы бир кыз Кыргызстанда төрөлгөн. Алар Мытищи шаардык клиникасына бара жатышкан. Үч жүргүнчүнүн тең абалы оор экендиги айтылды. Айдоочунун абалы турукташып, травматология бөлүмүнө которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0