Өзүн атып алган. ИИМ Атамбаевдин тарапташы делген жигиттин өлүмү тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековПострадавший после штурма дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Пострадавший после штурма дома бывшего президента Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ички иштер органдары тарабынан сөөктү эксгумациялоо маселеси көтөрүлүп жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы делген жигит Суусамырга аңчылыкка барып, капыстан өзүн бутка атып алып каза болгонун Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор: Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 24 жаштагы Миржан Курманбек уулу спецназ аскерлеринен таяк жеп каза тапканы боюнча маалымат түшкөнүн айтып, партиялаштары текшерип жатканын жар салган. Мындан улам Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаадагы жана Кой-Таш менен Арашан айылдарындагы мекемелерди текшерип, Карамушкинанын айткандарын төгүндөгөн. Бул маалыматты УКМК дагы четке каккан.

Андан кийин Карамушкина кайра билдирүү жасап, Курманбек уулу жаракат алгандан кийин Таласка качып барып, эки күн жаткандан кийин абалы оорлошуп ооруканага түшкөнүн айткан. Бирок абалы жакшырбай каза болуп калганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги Таластагы мекемелерди дагы текшерип, маалымат тастыкталбаганын жар салган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ведомство 24 жаштагы Миржан Курманбек уулу каза болду деген маалыматты тыкыр текшерип, ал кырсыктан улам көз жумганын аныктаган.

"Акыркы маалыматтар боюнча 1996-жылы туулган Миржан Курманбек уулу кырсыктан улам Суусамыр өрөөнүндө каза тапкан. Анын сөөгү 11-августта жерге берилиптир", — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө учурунда маркумдун атасы Курманбек Шабданов уулу 8-август күнү анын атына жазылган 12 калибрдагы куралды алып Суусамыр өрөөнүнө аңчылык кылууга жөнөгөнүн айтып берген.

"9-август күнү Миржан капыстан өзүнүн бутун өзү атып алган. Ооруканага жеткиргенче кансырап, жолдо каза тапкан. Белгилүү болгондой анын сөөгү 11-август күнү Талас районунда жерге берилген. Кырсык тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берилген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Алдын ала иликтөө иштерин Жайыл жана Талас РИИББи жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери маркумдун туугандары менен айыл тургундарын суракка алууда. 12-калибрдагы курал Миржан Курманбек уулунун атына жазылганы тастыкталды.

Ички иштер органдары тарабынан сөөктү эксгумациялоо маселеси көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0