УКМК Кыргызстанда башаламандык болот деп аудио тараткан аялды тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековКой-Таш айылындыгы башаламандык. Архив
Кой-Таш айылындыгы башаламандык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чагымчыл видеону тараткан адам чекисттердин түшүндүрүү иштеринен кийин кыргызстандыктардан кечирим сураган.

 

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. УКМК WhatsApp мессенджери жана социалдык тармак аркылуу "Кыргызстанда башаламандык даярдалып жатат" деген билдирүүлөрдү тараткан адамды тапты. Бул туурасында атайын кызматтан билдиришти.

УКМКнын кызматкерлери чагымчыл аудиону жаздырып, тараткан аял менен маектешкен.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдын 25-августунан 13-сентябрь айларында массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу Кыргызстандын жараны аныкталды. Ал ар кандай ушактарга ишенип аудио кайрылуу жаздырып жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү тарап кеткенин айтты. Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алды. Ошондой эле ал кыргызстандыктардан кечирим сурады", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ички иштер министрлиги билип туруп жалган маалымат тараткандар өлкө мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эске салган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0