Милиция Чоң Чүй каналынан сөөгү табылган кыздын туугандарын издеп жатат

Жазылуу
Сөөк бир жарым жума мурда табылган.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. 9-августта болжол менен саат 16:30дар чамасында Коммунаров көчөсү менен Бишкектеги Чоң Чүй каналынын кесилишинде 25-30 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

ШИИББ аталган факты боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирип, жарандардан кызды таанууга жардам сурап жатат.

Сууга түшүп кеткен унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз болуп жаткан киши унаасы менен ГЭС-5 каналынын түбүнөн табылды
Бою: 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы күрөң жана узун, бети сүйрү. Үстүндө гүлдүн сүрөттөрү жана топчулары бар гүлгүн түстүү көйнөк, ак ич кийим, бутунда 39-өлчөмдөгү кара жеңил бут кийими болгон.

Милиция маркум тууралуу билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0312) 56-60-43, (0312) 56-17-52, (0555) 10-26-02, (0554) 10-21-48, (0555) 75-79-55, (0552) 10-22-61, 102.

Жаңылыктар түрмөгү
0