Суусамырда кырсыктан набыт болгон бүлө. Туугандары 100 миң сомун таппай жатат

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВДСуусамырдагы жол кырсыгы. Архив
Суусамырдагы жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү Бишкек — Ош жолунда үч автоунаа кагышып, бир үй-бүлөдөн төрт адам каза болгон.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Суусамырдагы үрөй учурган кырсыктан каза тапкан үй-бүлөнүн 100 миң сом акчасы жоголду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине үй ээси 37 жаштагы Илияз Абдыгапаровдун тууганы Кайрулла Анарбаев билдирди.

Эскерте кетсек, 18-август күнү Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Mazda CX-7 менен Honda Torneo үлгүсүндөгү жеңил автокөлүктөр кагышкан. Кырсыктан улам бензовоз оодарылып, эки жеңил унаа трассадан чыгып кеткен. Бензовоз менен Honda Torneo автосунун айдоочулары жабыркаган эмес. Ал эми Mazda CX-7 автосунун айдоочусу, анын келинчеги, эки баласы менен мерт болгон. Ал эми сегиз жаштагы кызы ооруканага жеткирилген.

Каза болгон айдоочунун тууганы алардын кийим салган чоң сумкасында катылган 100 миң сом табылбай жатканын айтууда.

"Келинибиз жолго чыгарда акчаны кийим салган чоң сумкасына катканын үйдөгүлөр көргөн экен. Кырсыктан кийин алардын унаасын Жайыл райондук милициянын короосуна алып келишиптир. Мен барсам сумка машинанын үстүндө туруптур. Ага да кан чачыраптыр, ачып карабай эле жыттанбасын деп пакет менен ороп үйгө алып кеткенбиз. Дүйшөмбү күнү төртөөнү тең жерге бергенден кийин келиндерге сумкасын ачып кийим-кече, документтерин карап койгула дегем. Анан эле акчасы жок экенин айтышты. Кийимдерин чачып, кайра ороп салып, жаап коюшуптур. Астыңкы чөнтөкчөсү ачык экен. Болбосо аял киши кийимдерин иреттеп салмак да. Бирөө ичинен акча издеген окшойт", — деди маркум айдоочунун тууганы.

Кырсыктан набыт болгон бүлөнүн башчысы 37 жаштагы Илияз Абдыгапаров Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылынын тургуну. Буга чейин үй-бүлөсү менен Россиянын Жаңы Уренгой шаарында иштеп жүргөн. Эки ай мурда мекенине эс алууга келип, кайра кетүүгө камынып жаткан.

Последствия ДТП с участием трех авто в Суусамырской долине - Sputnik Кыргызстан
Эч нерсеси калбаптыр! Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган жол кырсыктын сүрөтү
"Иним үй-бүлөсү менен өзүнүн унаасын айдап Бишкекке, Ысык-Көлгө жана Нарынга барып эс алып, жер көрүп келейин деп бала-чакасы менен жөнөгөн. Андан соң Россияга жумушуна кетишмек. Жолго чыгаарда бир агабыздан 55 миң сом карыз алган экен, өзүнүн жанында 50 миң сомдон ашыгыраак акча болгон. Суусамырга чейин 10 миң сом коротсо да 100 миңи калыш керек эле да. Капчыгынан 20 сом эле чыкты. Ал эми моргдон келинибиздин сөйкө, шакегине кошуп 600 сомун беришти", — деди Анарбаев.

Ал ошондой эле акчанын жоголушу боюнча жакын арада милицияга арыз жаза турганын белгиледи.

Милиция күбөлөргө таянуу менен жол кырсыгына Honda Torneo унаасынын 24 жаштагы айдоочусу күнөөлүү экендигин айткан. Ал алгачкы медициналык жардам алгандан кийин из жашырып кеткен. Аны бүгүн, 21-августта, Бишкектеги кичи райондордун биринен кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0