Бишкектеги кампадан чыккан өрт бир суткадан кийин өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС во время тушения крупного пожара на складе бытовой техники в западной части Бишкека
Сотрудники МЧС во время тушения крупного пожара на складе бытовой техники в западной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалынды өчүрүүгө жалпы жонунан сегиз унаа тартылган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында жайгашкан кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сотрудники МЧС во время тушения крупного пожара на складе бытовой техники в западной части Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кампадан чыккан өрттү тепловоз жана кран менен өчүрүшүүдө. Сүрөт, видео
Кечээ, 21-август күнү, саат 11.21де Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тиричилик техникалары сакталган кампадан өрт чыккан. Анын кесепетинен 31 жана 32 жаштагы эки эркек киши ууланып, №4 ооруканага жеткирилген.

Жалынды өчүрүүгө жалпы жонунан сегиз унаа тартылган. Натыйжада өрт саат 15.04тө чектөөгө алынган. Ал эми бүгүн, 22-августта, саат 12.05те өрт толугу менен өчүрүлдү.

Жалындаган өрттүн асмандан тартылган видеосун материалдан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0