Ортодогу 65 киши тирүүлөй күйүп... 11 жыл мурун Жаңы-Жерге кулаган учак каргашасы

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектин четиндеги Жаңы-Жер айылына кулаган учак. 24 август 2008 жыл
Бишкектин четиндеги Жаңы-Жер айылына кулаган учак. 24 август 2008 жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин четиндеги Жаңы-Жер айылына мындан 11 жыл мурун 85 жүргүнчүсү менен Boeing-737-200 учагы кулаган. Анда 65 адам көз жумуп, 20дан ашыгы жаракат алган.

Кыргызстандыктарды кайгы-муңга салган кырсыктын чоо-жайын мамлекеттер аралык авиация комитети текшерген. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал иликтөөнүн айрым жагдайларын тизмектейт.

© AP Photo / Igor KovalenkoКыргызстандыктарды кайгы-муңга салган кырсыктын чоо-жайын мамлекеттер аралык авиация комитети текшерген
Ортодогу 65 киши тирүүлөй күйүп... 11 жыл мурун Жаңы-Жерге кулаган учак каргашасы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктарды кайгы-муңга салган кырсыктын чоо-жайын мамлекеттер аралык авиация комитети текшерген

Баары жайында эле

Бишкек — Тегеран каттамы боюнча жүргүнчү ташыган учак 2008-жылы 24-август күнү кеч курун абага көтөрүлүп, каттамды жергиликтүү "Итек Эйр" авиакомпаниясы аткарган. Ал күнү экипаж мүчөлөрү "Манас" эл аралык аэропортунда медициналык кароодон өтүп, ден соолуктары жакшы экени аныкталган. Ошондой эле аба ырайы да каттамды аткарууга тоскоолдук жараткан эмес.

Учактын салмагы 48 тонна 371 килограмм эле, анда 12 тоннадай күйүүчү май болгон. 3000 метрдей бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин экипаж жердеги диспетчерге герметизация боюнча көйгөй жаралганын кабарлап, кайра конууга уруксат сураган. Мындайча айтканда, аба кемесинин бир эшиги жакшы жабылбай калган. Андан соң учак конуу тилкесине жетпей саат 20.45тер чамасында айдоо талаасына кулаган.

© AP Photo / Igor KovalenkoБишкек — Тегеран каттамы боюнча жүргүнчү ташыган учак 2008-жылы 24-август күнү кеч курун абага көтөрүлүп, каттамды жергиликтүү "Итек Эйр" авиакомпаниясы аткарган
Ортодогу 65 киши тирүүлөй күйүп... 11 жыл мурун Жаңы-Жерге кулаган учак каргашасы - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Тегеран каттамы боюнча жүргүнчү ташыган учак 2008-жылы 24-август күнү кеч курун абага көтөрүлүп, каттамды жергиликтүү "Итек Эйр" авиакомпаниясы аткарган

Иликтөөнүн башталышы

Каргаша болгон жерге куткаруучу, аскер кызматкерлери, дарыгерлерден тарта министрлерге чейин жетип барган.

Мамлекеттер аралык авиация комитетинин иликтөөсүнө ылайык, "Кыргызаэронавигация" ишканасынын кызматкерлери саат 20.45те куткаруу тобуна маалымат берип, издөө иштери беш мүнөттөн кийин башталган. Жарым сааттан кийин гана окуя болгон жерге Тез жардам кызматынын унаасы келип, аман калгандарды коопсуз жерге чыгарган. Саат 21.30да окуя болгон жер курчоого алынып, өрт 23.08де толугу менен өчүрүлгөн. Андан соң түнү менен көз жумгандардын сөөгү Бишкектеги өлүкканага жеткирилип, 25-август күнү эртең менен саат 06.57де куткаруу иштери аяктаган...

© AFP 2023 / VYACHESLAV OSELEDKOАба кемесинин бир эшиги жакшы жабылбай калган. Андан соң учак конуу тилкесине жетпей саат 20.45тер чамасында айдоо талаасына кулаган
Ортодогу 65 киши тирүүлөй күйүп... 11 жыл мурун Жаңы-Жерге кулаган учак каргашасы - Sputnik Кыргызстан
Аба кемесинин бир эшиги жакшы жабылбай калган. Андан соң учак конуу тилкесине жетпей саат 20.45тер чамасында айдоо талаасына кулаган

Ортодо калгандар тирүүлөй өрттөнүп...

Жыйынтыгында учак толугу менен күйүп кеткен. Соттук-медициналык экспертизада набыт болгон 65 адам уулануудан эмес, учактан төгүлгөн күйүүчү майдан чыккан өрттөн көз жумганын аныктаган. Алардын көпчүлүгү сыртка чыга алган эмес, анткени учактын эшиктери ачылбай калган. Бирок ага карабай жүргүнчүлөр менен калган борт коштоочулар эки эшикти ачканга үлгүргөн. Ал жактан саналуу гана адам чыгып, учактын ортосундагылар тирүүлөй күйүп кеткен. Алардын арасында өлкөнүн баскетбол боюнча курама командасынын оюнчулары да бар эле. Алар Тегеранга Азия биринчилигине катышуу үчүн бара жатышкан. Экипаж мүчөлөрү кабинадагы чакан терезеден чыккан.

Кыргыз ССРиндеги авиакырсыктар - Sputnik Кыргызстан
Бир ирмемде жок болгон 40 киши... Кыргыз ССРиндеги авиакырсыктар
Иликтөөгө Кыргызстан, Иран, АКШнын адистери катышып, тактоо иштери 26-августта башталып 2009-жылы 23-апрелде аяктаган. Ага америкалыктар учакты чыгарган өлкө катары катышса, ирандыктар байкоочу болгон. Анткени ал самолётто Иран Республикасынын 54 жараны учуп бараткан. Андан сырткары, Кыргызстандын 24, Казакстандын үч жана Кытай менен Түркиянын бирден жараны бар болчу.

Жыйынтыгында комиссия экипаж мүчөлөрүнүн божомолдоп конуу боюнча даярдыгы жетишсиз болгон деген бүтүмгө келген. Анткени аба кемеси учуп-конуу тилкесине жетпей эле жерге тийген. Ошондой эле "Манас" эл аралык аэропортунун өзгөчө кырдаал жаралган учурда тийиштүү кызматтар менен иштеше албагандыгы белгиленген. Мындан сырткары, "Итек Эйр" авиакомпаниясы бир катар эл аралык талаптарды толук аткарбагандыгы белгилүү болгон. Мисалы, алардын учкучтары конууда бийиктикти сактаган эмес. Жалпы комиссия мүчөлөрү мындай каргалашаларды болтурбоо үчүн тараптардын ондогон мүчүлүштүгүн айтып, соңунда мамлекеттик орган, аэропорт жана авиакомпанияга толгон-токой сунуштарды берген.

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүКаргаша болгон жерге куткаруучу, аскер кызматкерлери, дарыгерлерден тарта министрлерге чейин жетип барган
Ортодогу 65 киши тирүүлөй күйүп... 11 жыл мурун Жаңы-Жерге кулаган учак каргашасы - Sputnik Кыргызстан
Каргаша болгон жерге куткаруучу, аскер кызматкерлери, дарыгерлерден тарта министрлерге чейин жетип барган

Жергиликтүү соттор болсо учактын командири Юрий Гончаров менен экинчи пилот Тимофей Водолагинди беш жылдан эркинен ажыратып, авиакомпанияны каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал акчаны жабырлануучулар ала албай, иштин соңуна чыкпай жатышына бийлик башындагыларды күнөөлөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0