Кыргыз-тажик чек арасында асманга эки ирет ок атылды

Жазылуу
Эки окуя тең дээрлик бир убакта Лейлек менен Баткен райондорунда болгон.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында эки окуя болду. Биринчисинде, чек арачылар эскертүү берүү үчүн асманга ок чыгарган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Тажикстан менен чектешкен Борбордук айылында 24-август күнү, саат 15.30да эки өлкө жарандары ортосунда чуу чыккан.

“Тажикстандын 15-20дай жараны алардын үйү чек аранын такталбаган аймагында жайгашканын айтуу менен Жаңы-Жердин жашоочусунан тосмо курууну токтотуусун талап кылышкан”, - деп айтылат маалыматта.

“Теримди тирүүлөй сыйрышкан...”. Баткен коогалаңынын айтылбаган баяндары - Sputnik Кыргызстан
“Теримди тирүүлөй сыйрышкан...”. Баткен коогалаңынын айтылбаган баяндары
Натыйжада тосмонун ээси менен тажикстандыктардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Ызы-чууну алдын алуу үчүн жерине Кыргызстандын чек арачылары менен укук коргоочулары келсе, тажикстандыктар аларды таш менен уруп кол салган.

Чек арачылар конфликт чоң чууга айланып кетпесин деп абага эки ирет эскертүүчү ок чыгарганда гана тажикстандыктар өз аймагына качкан.

Экинчи окуя саат 15.40та Баткен районундагы Көк-Таш айылында болгон. Тажикстандын Исфара районундагы Хожа – Аъло айылынын тургундары Аксай – Көк-Таш жолунун курулушуна нааразы болуп чыгышкан. Бирок тажик тараптан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишкен.

Учурда чек арадагы абал туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0