Бишкекте микроавтобус менен эки унаа кагышып кетти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон “Москвич” унаасы талкаланып калганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 24-авг. – Sputnik. Бишкекте микроавтобус менен эки жеңил унаа кагышып кеткенин күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, жабыркагандар бар экенин айтышты.

Жол кырсыгы 7-апрель (Исакеев менен кесилишкен жеринде) көчөсүндө болгон. Күбөлөр транспорттордун бири эл ташыган маршрутка экенин айтышууда, бирок азырынча так маалымат жок.

"Короче" Telegram-каналына жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, "Москвич" унаасы талкаланып, дагы бир жеңил унаа жабыркаган.

“Микроавтобустун айдоочусу 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып кырсыктаганын айтты”, - дешти күбөлөр.

Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун ырастап, окуянын чоо-жайы такталып жатканын маалымдашты. Жерине тез жардам кызматы жөнөп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0