Кара-Көл: унаанын кош бойлуу аялды учура сүзгөнү видеого түшүп калган

Жазылуу
Кырсык 24-августка караган түнү болгон.

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жол кырсыктан 24 жаштагы аял каза тапканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады. Каргашанын видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен.

Маалыматта окуя шаардагы кафелердин биринин жанында болгону айтылат. Видеодо жол четинде турган аялды катуу ылдамдык менен келе жаткан Honda FIT сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

"Кырсык 24-августка караган түнү болгон. Жабыркаган келин реанимацияда көз жумган", — дешти милициядан.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0