Эки киши көтөрүп бараткан түтүктү сүзүп... Түндө болгон кырсыктын чоо-жайы

© AFP / YURI CORTEZОтключение электричества в Каракасе
Отключение электричества в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде, тагыраагы Asia Mall соода борборунун маңдайында болгон жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Бул тууралуу Бишкек ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, жекшемби, 25-август күнү, болжол менен саат 21:15те күбө аталган соода борборунун маңдайында автоунаа эки кишини сүзүп кеткенин кабарлаган. 

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБорбор калаадагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде, тагыраагы Asia Mall соода борборунун маңдайында болгон жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес
Эки киши көтөрүп бараткан түтүктү сүзүп... Түндө болгон кырсыктын чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде, тагыраагы Asia Mall соода борборунун маңдайында болгон жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес

Анын айтымында, Daihatsu Sirion үлгүсүндөгү көлүк Айтматов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, эки кишини жабыркаткан. Күбө жапа чеккендер ооруканага баруудан баш тартып коюшканын билдирген. Бирок айдоочу эч кимди сүзбөгөнүн айтты.

"Жолдон эки киши өтүп баратканын көргөм. Алардын ортосунда ачык жерди байкап, өтүп кетем го деп ойлогом. Бирок алардын түтүк көтөрүп баратканын көрбөй калыптырмын, ошону сүзүп алдым", — деди айдоочу.

Бишкек ЖКККББнын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0