Милиция Садыр Жапаровдун уулу мертинген жол кырсыктын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВ Казани появились мотоциклы скорой медицинской помощи
В Казани появились мотоциклы скорой медицинской помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кырсык 7-Апрель көчөсүндө болгонун маалымдады.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу мотоцикл менен баратып унааны сүзгөндө ыргып кетип, башка унаага урунган. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 22-август күнү, саат 22.25тер чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү "Фрунзе" гипермаркетинин жанында болгон.

"Ал трасса менен жогору жакты көздөй кетип баратып Toyota Matrix менен кагышкан. Андан ары ыргып кетип Lexus унаасын сүзгөн. Кырсыктан кийин мотоциклчен жигит ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Эске сала кетсек, бүгүн, 26-августта, камактагы Садыр Жапаровдун уулу Дастандын көз жумганы белгилүү болгон. Ал кырсыктан кандай жаракат алганын Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0