Садыр Жапаровдун уулу кабылган жол кырсыктын видеосу

Жазылуу
Садыр Жапаровдун баласы Дастан Садыр уулу кабылган жол кырсык видеого түшүп калган.

Камактагы саясатчынын улуу баласы Дастан Садыр уулу 26-август күнү ооруканада көз жумган. Ал 22-август күнү Бишкектеги 7-апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган

Буга чейин милиция Садыр уулу 22-август күнү 7-апрель көчөсүндө токтоп турган унаага урунганын кабарлап, бирок жабыркаган кыз тууралуу маалымат берген эмес.

Кладбище деревни Шалта - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун уулунун тажыясы Ысык-Көлдө өтөт
Кийинчерээк ЖКККББ кызды өңөргөн мотоциклчен жигит 7-апрель көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй баратып, Көк-Жар айылына жеткенде бурулуп бараткан Toyota Matrix унаасын сүзүп кеткенин билдирди. Катуу соккудан улам кыз ыргып кетип жолдо токтоп турган унаага урунган. Муну видеодон дагы байкоого болот.

Кырсыктын кесепетинен түрдүү жаракат алган кыз Чүй аймактык ооруканага түшкөн. Башкы дарыгер Бакыт Болотбековдун айтымында, анын баш сөөгү, көкүрөгү жабыркап, бетинин сөөгү сынып кеткен. Учурдагы абалы орточо.

Факты боюнча 297-берене ("Жол эрежесин бузуу") менен сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0