Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин 20 мүлкүн камактан чыгарды

© Sputnik / Нурис АлымбаевСитуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш
Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаев жана анын жакын туугандарына тийиштүү башка дагы мыйзамсыз мүлктү аныктоо тапшырмасы берилди.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарына таандык камакка алынган 135 кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн ичинен 20 мүлкү кайра камактан чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин башкы көзөмөл орган Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын айткан

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев президент кезинде мыйзамсыз байыды деген факты боюнча сотко чейинки териштирүү ишинин жүрүшүндөгү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

"Документтер изилденип, тергөө иштери аткарылгандан кийин Башкы прокуратура Жал-23 кичи районундагы №77 көп кабаттуу үйдөгү 18 батирди камактан чыгарды. Анын ичинде "Телерадиоуюму ассоциациясы" аттуу юридикалык жактын бирикмеси дагы бар", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы жонунан 20 мүлк камактан чыгарылган.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан тергөө иштери уланып жатат. Ошондой эле УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаев жана анын жакын туугандарына тийиштүү башка дагы мыйзамсыз мүлктү аныктоо тапшырмасы берилди.

Кой-Таш окуясы

Депутат Жогорку Кенеша Ирина Карамушкина в Первомайском районном суде - Sputnik Кыргызстан
Ирина Карамушкинанын баш коргоо чарасы тандалды
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Кийин 20-августта анын камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0