Алматы — Бишкек жолундагы кырсыктан кыргызстандык жигит көз жумду

CC0 / Pixabay / Akent879Случаи ДТП в КР
Случаи ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу маркумдун сөөгүн мекенге жөнөтүү аракеттерин көрүүдө.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Алматы — Бишкек трассасындагы жол кырсыктан Кыргызстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Садыр Жапаровдун уулу кагышкан унаада жаш үй-бүлө бараткан. Видео - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун уулу кагышкан унаада жаш үй-бүлө бараткан. Видео
Toyota ist жана Toyota Camry унаалары 25-август күнү жолдун 132-чакырымында кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркап, Узынагаш айылындагы Жамбыл райондук ооруканасына жаткырылган.

Алматы облусунун полиция департаменти 27 жаштагы кыргызстандык киши кечээ, 26-августта, көз жумганын кабарлаган. Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу маркумдун сөөгүн мекенге жөнөтүү аракеттерин көрүүдө.

Казакстандын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0