Куруучулар. Архив

Новосибирскиде курулуп жаткан үйдүн дубалы жумушчуларды басып калды. Сүрөт, видео

14520
(жаңыланган 13:19 28.08.2019)
Кырсык болгон жерден бир киши куткарылды.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Новосибирскиде бүгүн, 28-август күнү, курулуп жаткан үйдүн дубалы урап калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, уранды алдында 12 адам калган.

"Куткаруу иштери учурунда урандынын алдынан бир киши табылып, ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда издөө иштери уланып жатат.

14520
Белгилер:
кырсык, курулуш, Новосибирск
Тема боюнча
Эмне болгонун билбей... Адамдар өтүп баратканда урап түшкөн көпүрөнүн видеосу