Кой-Таш окуясынан кийин милициянын машинасын ташка алган улан кармалды. Видео

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСитуация у села Кой-Таш
Ситуация у села Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал үй камагына чыгарылган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кой-Таш окуясынан кийинки Бишкекте уланган башаламандыкта Чыгыш-5 кичирайонунан өтүп бараткан милициянын автоунаасына таш ыргыткан улан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, 9-августта түнкү саат 1:00дөр чамасында Бишкек ШИИБдин мобилдик батальонунун кызматкерлери борбор калааны күзөтүп жүргөн. Чыгыш-5 аймагынан өтүп баратканда жолдун четинде топтошуп турган белгисиз кишилердин бири кызматтык унааны көздөй таш ыргыткан. Анын кесепетинен Nissan Sunny унаасынын маңдайкы терезеси сынып, 12 миң сом чыгым алып келген.

Окуя видеого түшүп калган, аны милиция таркатты.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбашчылык") боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

"Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 1994-жылы туулган Н.Э. аттуу улан кармалды. Ал Свердлов РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү жаран келтирилген чыгымды толугу менен төлөп берген. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0