Бишкекте такси айдаган кыздын сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды

CC0 / pixabay / WokandapixУбийства в КР
Убийства в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын өлүп калгандыгы тууралуу маалыматты милицияга анын курбусу жеткирген.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкектеги үйлөрдүн биринен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек милициясы таратты.

9-январь көчөсүндөгү үйдө 25 жаштагы кыздын өлүп калгандыгы тууралуу милицияга анын курбусу кабарлаган.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, кыз ал үйдү ижарага алып жашап жүрчү. Өзү Бишкектеги такси кызматтарынын биринде иштеп келген.

Милиция өлүмүнүн себептерин издеп жатат. Тиешелүү экспертизалар жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0