Экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов. Архивдик сүрөт

Текебаев менен Чотонов абактан бошотулду

1266
(жаңыланган 16:52 29.08.2019)
Буга чейин Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген болчу.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Буга чейин Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген болчу.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

1266
Белгилер:
сот, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев
Тема боюнча
Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү. Тарапташтары кубанып жаткан видео
Аида Салянова үй камагына кантип чыкканын айтты
Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү
Текебаев менен Чотоновдун иши августта карала турган болду