Кой-Ташта аялдарды ур-тепкиге алган милиционер ишин улантууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЗадержания участников сбора оппозиции на "Баррикадной"
Задержания участников сбора оппозиции на Баррикадной - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таштагы окуяда аялдарды тепкилеген милиционердин өздүгү ачыкталбай жатат.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Төрт аялды ур-тепкиге алган милиция кызматкери дагы деле иштеп жүрөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, аялдарды ур-тепкиге алып жаткан милиционердин видеосу тарап, автору окуя 8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин болгонун айткан.

ИИМ тартип сакчысынын жеке маалыматтарын, кайсы башкармалыкта иштей турганын ачыктаган жок.

"Ал милиционердин иши боюнча ички коопсуздук кызматынын өкүлдөрү иштеп жатышат. Иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат беребиз", — дешти милициядан.

Кийин Кой-Таш окуясы боюнча күч структураларынын жетекчилери өткөргөн маалымат жыйындын соңу менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да бул суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0