Кочкордо жер титиреди

Жазылуу
Айрым аймактарда жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жеткен.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кечээ, 29-августта, Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Силкинүү Кочкор районунун Чолпон, Туз, Ак-Чий айылдарында 3,5 балл, Көк-Жар, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Орток, Комсомол айылдарында 3 балл жана Кочкор, Дөң-Алыш, Арсы айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0