Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысын издөөгө 10 куткаруучу тартылды

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүПоисково-спасательные работы на Ладожском озере
Поисково-спасательные работы на Ладожском озере - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин Асрандиевди таппай калышкан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиевди издөөгө 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Председатель правления РКФР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Эркин Асрандиев Ысык-Көлдү сүзүп өтүп баратып жоголду. Учурда эмне болуп жатат?
Алдын ала маалымат боюнча, Асрандиев Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынан Кара-Талаа айылын көздөй сүзүп баратып жоголгон.

Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн сегиз куткаруучу жана Суучулдар кызматынан эки суучул тартылган.

Асрандиевдин туугандары саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Ал эми Асрандиев буёкту байланып сүзүп бараткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0