Абылгазиев Ысык-Көлдө жоголгон Асрандиевди издөөнү тездетүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асрандиевди издөө ишине 10 куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында жоголгон Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун башчысы Эркин Асрандиевди издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйруду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Туугандары ал Чырпыкты айылынан Кара-Талааны көздөй сүзүп баратып Тору-Айгыр айылына келгенде жоголуп кеткенин айтууда.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовго жана башка тийиштүү ведомстволорго издөөгө бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды. Бул окуя өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө", — деди Эсенгул уулу.

Туристический сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Эркин Асрандиев кайсы жерде жоголгон? Болжолдуу карта
Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн сегиз куткаруучу жана эки суучул тартылган.

Асрандиевдин туугандары саат 18:00дөр чамасында көлдө эки метрге жеткен толкун болгондон кийин аны таппай калышканын айткан. Анын жанында коштоп жүргөн кайык бар болчу. Ал эми Асрандиев буёкту байланып сүзүп бараткан.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0