Элди алдап сегиз батир саткан... Бишкек мэриянын кызматкери изделип жатат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖилой дом для переселения по программе реновации в Москве
Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү киши муниципалдык кызматта 1,5 ай иштеген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев жакында эле алдамчылыкка барды деп шектелип, кийин качып кеткен кызматкердин кыңыр иштерин аныктаган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура Курсан Асановдун жансакчысы кайсы ишке айыпталганын билдирди
Ага ылайык, шектүү кызматкер июль айынын ортосунда башкы адис болуп ишке орношуп, документтерди жасалмалап жарандардан акча алган.

Ал муниципалдык менчикти сатуу боюнча аукциондун протоколун жасалмалап, Москва көчөсүндө жайгашкан 8 батирди "сатып" жиберген. Анын акчасын алып из жашырып кеткен.

Тынаев алдамчылык схемасын байкап калып милицияга кайрылган. Шектүү кызматкерге издөө жарыяланды. Ал адамдын муниципалдык башкармалыкта болгону бир жарым ай гана иштегендиги айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0