Түлеевден алынган 8 батирди сатып ийген мэрия кызматкери канча акча кымырган

© AFP / BAY ISMOYO Доллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын кызматкери мурдагы мэр Нариман Түлеевге таандык батирлерди саткан. 2017-жылы ал мүлк мамлекеттин карамагына өткөн.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы кызматкери 305 миң доллар алып качып кеткенин мэриядан кабарлашты.

Случаи мошенничества в КР - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик аялдарды 110 миң долларга отургузуп кеткен. Шектүү кармалды
Шектүү муниципалдык менчикти сатуу боюнча аукциондун протоколдорун жасалмалап, Москва көчөсүндөгү сегиз батирди мыйзамсыз саткан. 1-сентябрда бул иштерди башкармалыктын жетекчиси билип калып, милицияга арыз жазып, кызматкер издөөгө алынган. Маалыматка ылайык, шектүү башкармалыкта болгону бир жарым ай гана иштеген.

Калаа башчысы Азиз Суракматов башкармалыктардын жетекчилерине кызматкер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Экс-мэр Нариман Түлеевдин 11 батири 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөн. Сегиз батир мэриянын, үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0