Бишкекте кишилерди чала жан кылып сабагандарды милиционерлер алып кеткен

© Sputnik / Табылды КадырбековРаботы правоохранительных органов.
Работы правоохранительных органов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөрдү Чүй ОИББдин кызматкерлери алып кеткенин прокуратурадан кабарлашты.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Чүй облустук ИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кишилерди чала жан кылып сабагандарды окуя болгон жерден алып кеткен. Бул тууралуу Ленин райондук прокуратурасынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Экөөнүн тең абалы оор. Министрлик Бишкекте сабалгандар боюнча маалымат берди
Жабыркагандардын биринин эжеси райондук прокуратурага кайрылып, милиционерлердин шалаакылыгына чара көрүүнү суранган.

28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын патрулдук-кайгуул кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

"Андан сырткары, окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин Б.К. аттуу кызматкери да келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К. аттуу жарандарды кылмыш болгон жерден алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренеси ("Кылмышты жашыруу") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда мушташтын видеосу да тарады.

1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович издөөгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0