Казакстандан Кыргызстанга 22,6 млн. рубль алып кирем деген жаран кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосковская печатная фабрика Гознака
Московская печатная фабрика Гознака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурак учурунда ал акчаны кайдан алганын айтып бере алган эмес.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Ак-Жол" чек ара бекети аркылуу Кыргызстанга 22,6 миллион рубль алып кирүүгө аракет кылган КР жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Окуя 3-сентябрда болгон. Ири көлөмдө акча алып өтүүгө аракеттенген жарандын жанында тийиштүү документтери болгон эмес.

"Паспорт контролунан өтүп жатканда чек ара наряды сырты скотч менен оролгон баштык кармаган 1986-жылкы Ч.А. аттуу жаранга көңүл бурган. Аны текшерүү учурунда баштыктан 22 600 000 рубль табылды", — деп айтылат маалыматта.

Сурак учурунда ал акчаны Казакстандан Кыргызстанга алып келе жатканын айтып, бирок аны кайдан алганын тактап айтып бере алган эмес.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүгүнүн өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0