Түлеевден алынган батирлерди сатып ийген мэрия кызматкери изделүүдө

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүДаараткана. Архив
Даараткана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатылып кеткен мүлк - экс-мэр Нариман Түлеев 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөрүп берген батирлер болчу.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын "305 миң доллар алып качып кеткен" делип жаткан мурдагы кызматкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 

 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын "305 миң доллар алып качып кеткен" делип жаткан мурдагы кызматкерине издөө жарыяланды
Түлеевден алынган батирлерди сатып ийген мэрия кызматкери изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын "305 миң доллар алып качып кеткен" делип жаткан мурдагы кызматкерине издөө жарыяланды

 

 

"Акчаны мыйзамсыз менчиктеп алуу фактысы боюнча Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү изделип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Түлеевден алынган 8 батирди сатып ийген мэрия кызматкери канча акча кымырган
Шектүү муниципалдык менчикти сатуу боюнча аукциондун протоколдорун жасалмалап, Москва көчөсүндөгү сегиз батирди мыйзамсыз саткан. 1-сентябрда бул иштерди башкармалыктын жетекчиси билип калып, милицияга арыз жазып, кызматкер издөөгө алынган. Маалыматка ылайык, шектүү башкармалыкта болгону бир жарым ай гана иштеген.

Сатылып кеткен мүлк - экс-мэр Нариман Түлеев 2017-жылы мамлекеттин карамагына өткөрүп берген батирлер болчу. Ал жалпысынан 11 батирди кайтарып, анын сегизи мэриянын, үчөө Башкы прокуратуранын балансына берилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0