Көлдөгү 5 кишинин өмүрүн алган кырсык. BMW X5 унаасынын айдоочусу камакка алынат

Жазылуу
Соттун чечими боюнча аял ноябрга чейин камакта болушу керек.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту ири жол кырсыкка катышкан BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Тамтыгы чыккан унаалар. Көлдө беш адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Тамтыгы чыккан унаалар. Көлдө беш адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу
Жол кырсыгы 30-август күнү болуп, Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW X5 менен BMW жеңил унаасы кагышып, беш адам каза болгон. Алардын арасында бир жаштагы наристе бар. Жол тандабастын аял айдоочусу менен жүргүнчүсү түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган.

Сот айдоочунун баш коргоо чарасын бүгүн тандады. Ага ылайык, 41 жаштагы аял 3-ноябрга чейин Каракол шаарындагы №3 убактылуу кармоочу жайга киргизилмей болду. Аял ооруканадан чыга электигине байланыштуу соттун мындай чечими күчүнө кире элек. Ал качан камакка алынарын райондук прокуратура чечмекчи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0