Лобовое стекло авто после жестокого наезда на трех человек

Бишкекте балдары менен бараткан аялды унаа коюп, 6 жашар кызы чарчап калды. Видео

3428
(жаңыланган 12:03 05.09.2019)
Каргаша 4-сентябрь күнү Ак-Босого жаңы конушунда болгон.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкектин Ак-Босого конушунда эки баласы менен бараткан аялды унаа коюп, айдоочусу из жашырып кеткен. Кырсыктан кийинки видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды. 

Кырсык 4-сентябрь күнү болгон. Окуя болгон жерден качып бараткан айдоочунун артынан түшкөндөр болгон, бирок ал карматпай кеткен.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык болгонун тастыктап, чоо-жайын айтып берди.

"Болжол менен саат 18.45те Профессор Зима көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бараткан унаа Архитектурная көчөсүнө кайрылып жатып, эки баласы менен бараткан 41 жаштагы аялды коюп кеткен. Андан кийин айдоочу из жашырып кеткен", — дешти милициядан.

Натыйжада аял менен анын үч жаштагы баласы ооруканага жаткырылган, ал эми алты жашар кызы окуя болгон жерде чарчап калган. Унаанын үлгүсү тартип сакчылары тарабынан дароо эле аныкталган.

Mercedes-Benz E 230 автоунаасы "Тополек" кафесинен анча алыс эмес жерден табылып, айдоочусу 18 жаштагы А.А. аттуу адам экени такталган. Чогулган материалдар Бишкек милициясынын тергөө кызматына берилди.

3428
Белгилер:
оорукана, унаа, милиция, Жол кырсыгы, Бишкек