Бир кыз өлгөн. Кожобек Рыспаев 20 жыл мурун кабылган авариянын чоо-жайын айтты

Жазылуу
Эл өкүлү аны урган унаа ошол бойдон табылбай калганына токтолуп, андай кырсыкты эч кимге каалабай турганын, мындай каргашалуу окуяга ар ким кабылышы мүмкүн экенин белгиледи.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 1999-жылы болгон жол кырсыгы боюнча иш эки ирет тергелип, жабылган. Бул тууралуу ЖК депутаты Кожобек Рыспаев аталган авария боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтып берди.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта мындан 20 жыл мурун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновкада болгон кырсыкта Кожобек Рыспаевдин унаасы бир кызды сүзүп, ал окуя болгон жерде мертингени тууралуу маалымат тарады. Ошол эле билдирүүдө депутат "киши өлтүргүч" деп аталган.

Рыспаев жол кырсыгы болгонун тастыктап, анын чоо-жайын айтып берди.

"Мен ал кезде спорт ордосундагы бассейнге барып сүзчүмүн. Саат кечки 10дор чамасында чыгып, Военно-Антоновкадагы үйүмө бара жаткам. Унаамды жаңы эле Рыспек Акматбаевдин иниси Тынчбектен сатып алгам, номерин да алмаштыра элек болчумун. Анан капталыман бир унаа качырып келип мени урган. Машинам жолдун четине чыгып, ылдыйды көздөй тоголонуп кеткен. Унаа тоголонуп баратканда, бактын арасындагы үч кыздын бирөө автоунаага урунуп кайтыш болуп калган. Өзүм да аябай жаракат алгам", — деди Рыспаев.

Депутаттын айтымында, окуя болгон жерге дароо эле Сокулук райондук милициясынан келип, машинаны карап өзүн РИИБге алып кетишкен. Адам өлүп жаткандыктан тийиштүү тергөө амалдары жүргөн.

"Кыздын апасына барып, алдынан өттүк. Бирок киши өлүп аткандан кийин тергөө башталып, маркум жерге берилди. Мындай учурда үйрөткөндөр көп болот экен, апасы "кызым Кожобек Жайчибековичтин машинасына урунуп каза болду" деп көп жерге арызданды. Анан сот болду. 50 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирген. Тергөөнүн алкагында техникалык экспертиза жүрүп, менин машинам түртүлгөнү далилденип, кылмыштын белгилери жок деп табылган да, иш жабылган. Бирок кыздын апасы кайра арыз жазып, экинчи жолу да кылмыштын белгилери жок болгону үчүн иш кыскартылган. Кийин аял "доом жок, баарын түшүндүм" деп тил кат жазып берген. Менде бардык кагаздар турат", — деди Рыспаев.

 Наезд на людей в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте балдары менен бараткан аялды унаа коюп, 6 жашар кызы чарчап калды. Видео
Эл өкүлү аны урган унаа ошол бойдон табылбай калганына токтолуп, андай кырсыкты эч кимге каалабай турганын, андай каргашалуу окуяга ар ким кабылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Рыспаев соцтармакка жарыяланган билдирүү боюнча да оюн билдирип, "эгер табалап жатышса, ошондой кырсыкка туш болгондон кийин гана көп нерсе түшүнөрүн" айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0