Кишен. Архив

Тергөөчү: кишилерди аеосуз сабагандардын баш коргоо чарасы мурда эле тандалган

(жаңыланган 16:47 06.09.2019)
Шектүүлөр милицияга өздөрү келишкен.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкектеги Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилерди катуу сабаган деп шектелгендердин баш коргоо чарасы мурда эле тандалган.

Шектелип жаткандар — Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен Сейитбеков Калысбек Сейитбекович 6-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына өздөрү келгени боюнча видео тарады. 

Тергөөчү шектүүлөргө сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалганын айтып, ошонун негизинде алар камала турганын айтты. Ал ошондой эле шектүүлөр 28-августтан бери кайда жүргөнүн сурады. Бирок айыпталуучулар ага эч нерсе деп жооп бербегенин видеодон көрүүгө болот.

Шаардык милициянын тергөөчүсү үч баланы аеосуз сабады делген Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен Сейитбеков Калысбек Сейитбекович Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 98-беренеси ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") менен айыпталып жатканын айтты.

Окуянын чоо-жайы

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жаткан болчу.

Ал эми шектүүлөрдүн бир тууганы делген милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Кийинчерээк шектүүлөр Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылганы аныкталган.

Белгилер:
кармоо, шектүү, милиция, ШИИБ
Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (29)
Тема боюнча
Мыкаачылык менен сабалган эркектер. Милиционерлердин аракети видеодо
Абылгазиев Бишкекте аёосуз сабалган жигиттер боюнча үн катты
Аёосуз сабалган эркектер. Милиционерлерге кылмыш иши козголду
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Чоо-жайы

(жаңыланган 19:37 17.04.2021)
Окуя тууралуу Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери сүйлөшкөн. Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу экени айтылды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Чыр Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.

"Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.

Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу. 

Белгилер:
Өмүрбек Суваналиев, сүйлөшүүлөр, Чыр-чатак, жер, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Депутаттар жабык эшик артында чек ара боюнча Ташиевден маалымат угуп жатат
Билбей туруп мени сындап жатышат. Ташиев чек ара маселеси боюнча
Покупатели оплачивают покупки в супермаркете. Архивное фото

Соода кылгандан кийин чекти ыргытпагыла! Юристтин маанилүү кеңеши

Юрист чекте адамдын аты-жөнү жана банктык картасынын акыркы сандары калып каларын, аны менен шылуундар акча алууну көздөй турганын айтты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.

Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.

"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.

Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.

Белгилер:
алдамчылык, шылуун, соода, чек, юрист
Тема боюнча
Эксперт банктык карта ээлеринин эң көп кездешкен катачылыктарын атады