Аёосуз сабалгандар. Бишкектеги мушташ эмнеден чыкканы айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кишилерди аёосуз сабагандар боюнча журналисттерге маалымат жыйын курду.

Анда милиционерлер шектүүлөр менен жабырлануучулардын ортосунда чыр эмнеден улам чыкканы боюнча божомолдорун айтышты.

"Алдын ала маалымат боюнча, чыр кер-мур айтыштан чыккан. Жабырлануучулардын экөө абалына байланыштуу көрсөтмө бере албай жатат. Ал эми үчүнчүсүнүн айтымында, анын жанындагы экөө дүкөнгө кирип кеткен. Чыгып келе жатканда шектүүлөр менен айтыша кетип мушташ чыккан", — деди ШИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов.

Ал ошондой эле шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады.

Маалымат жыйындын тексттик трансляциясын окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0