Милиция кызматеринин шеврону. Архивдик сүрөт

ШИИБ: балдарды аёосуз сабагандар менен иштен алынган милиционер бир тууган

(жаңыланган 16:52 06.09.2019)
Буга чейин милиция бул окуядан кийин кызматтан алынган Казыбек Бапышев бир гана шектүүнүн агасы экенин кабарлаган болчу.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкектин Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында үч баланы чала жан кылып сабаган эки шектүү Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович жана аларды окуя болгон жерден алып кеткен милиционер — бир туугандар. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин окуядан кийин кызматтан алынган Казыбек Бапышев бир гана шектүүнүн агасы экени кабарланган болчу.

Утемисов ошондой эле шектүүлөр азыр көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканын кошумчалады.

Бүгүн, 6-сентябрда, таңга жуук Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков шаардык милицияга келишкен.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жаткан болчу.

Ал эми шектүүлөрдүн бир тууганы делген милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Кийинчерээк шектүүлөр Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылганы аныкталган.

Белгилер:
Бишкек, мушташ, шектүү, милиция
Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (29)
Тема боюнча
Милиция кишилерди аёосуз сабагандар кантип кармалганын айтып берди. Видео
Аёосуз сабалгандар. Бишкектеги мушташ эмнеден чыкканы айтылды
Тергөөчү: кишилерди аеосуз сабагандардын баш коргоо чарасы мурда эле тандалган
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу

(жаңыланган 18:53 13.04.2021)
Жол кырсыгы Александровка айылында катталган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун трассасында төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган. 

Каргаша Александровка айылында 15:00дөр чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn, Ford Transit, Lexus LX470 жана Merceses-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус кагышкан.

Натыйжада Ford үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынан улам Бишкекти көздөй кеткен жолдо унаа тыгыны жаралган.

Белгилер:
тыгын, унаа, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түптө жол кырсыгынан 19-20 жаштагы үч бала көз жумду. Дагы үчөө ооруканада
Кишен. Архив

УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады

(жаңыланган 18:21 13.04.2021)
Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандардын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

"Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш жасагандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

Белгилер:
чыккынчы, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды
Кыргызстандын желегине тизилген тыйындар. Архив

Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.

Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.

Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды.

Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган.

Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон.

Белгилер:
төмөндөө, экономика, статистика, ички дүң продукциясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл эки айда Кыргызстандан 74,5 млн. доллар чыгарылып кетти
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду