Камак. Архивдик сурөт

Бишкекте кишилерди катуу сабагандар кандай жазага тартылышы мүмкүн

4252
(жаңыланган 16:53 06.09.2019)
Эгер сот шектүүлөрдү күнөөлүү деп тапса, эң аз дегенде 10 жылга кесилет.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкекте балдарды чала жан кылып сабаган шектүүлөр  Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбековдун күнөөсү аныктала турган болсо 10 жылдан тарта өмүр бою абакка чейин кесилиши ыктымал. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев маалымат жыйында айтты.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренелери ("Адам өлтүрүүгө аракеттенүү") менен соттолот.

Шектүүлөр 6-сентябрда милицияга өзүлөрү келишкен.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жаткан болчу.

Ал эми шектүүлөрдүн бир тууганы, милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынып, бир нече милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Кийинчерээк шектүүлөр Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылганы аныкталган.

4252
Белгилер:
айып, күнөө, абак, мөөнөт, сот
Тема:
Бишкекте чала жан сабалган кишилер (24)
Тема боюнча
Аёосуз сабалгандар. Бишкектеги мушташ эмнеден чыкканы айтылды
Милиция кишилерди аёосуз сабагандар кантип кармалганын айтып берди. Видео
Тергөөчү: кишилерди аеосуз сабагандардын баш коргоо чарасы мурда эле тандалган