Бишкек ТЭЦте эки электрослесарь күйүк алды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка ТЭЦ Бишкека к зиме
Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын келип чыгуу себебин атайын комиссия иликтейт.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтен эки электрослесарь жеңил күйүк алганын "Электр станциялары" ААКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Сот уланууда. Бишкек ТЭЦи боюнча сурак берип бүткөндөрдүн тизмеси
Мекеменин маалыматына ылайык, окуяга турбиндин убактылуу өчүп калышы себеп болгон. Компаниядан дарыгерлер кызматкерлердин абалын канааттандырарлык деп баалаганын кошумчалашты.

Жабдуу кайра ишке кирип, учурда электр энергиясын иштеп чыгууда эч кандай чектөөлөр болбогону белгиленет.

Окуяны кененирээк атайын түзүлгөн комиссия иликтейт. Компания кызматкерлерине жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0