БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте эки кишини аёосуз сабагандардын иши боюнча ШИИБдин кайгуул-күзөт милициясынын эки кенже кызматкери кармалып, командири эркиндикте жүрөт. Бул тууралуу кармалгандардын биринин жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7.00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар оор абалда ооруканага жеткирилген.Адвокаттын айтымында, ал коргоп жаткан кызматкерлердин аракеттеринде кылмыштын курамы жок.
"Кармалгандар экипаждын айдоочусу жана автоматчик. Булар протокол түзүп же тергөөчүнүн суроолоруна жооп бергенге укугу жок. Муну экипаждын командири кылышы керек. Мен коргоп жаткан адамдардын аракетинде кылмыштын курамы жок. Анын үстүнө айдоочу окуя болгон учурда автоунаадан чыккан эмес. Бул тууралуу видеодон көрсө болот", — деди жактоочу.
Бабаевдин айтымында, экипаж мүчөлөрү шектүүлөрдү милиция бөлүмүнө алып келип, нөөмөттөгү кызматкерге өткөрүп бергени видео көзөмөлдө көрүнүп турат. Демек жоопкерчилик ошол адамда. Жактоочу кармалгандардын арасында экипаж командири гана эмес, ИИБдин нөөмөттөгү тергөөчүсү дагы жоктугуна таң калууда.
УКМКнын маалымат кызматы жактоочунун билдирүүсүнө үн ката элек.
Адамга кол салуу фактысы боюнча Жаныбек Бапышев жана Калысбек Сеитбеков кармалган. Алар милициянын майору Казыбек Бапышевдун бир туугандары.
Укук коргоочулар Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренеси ("Кылмышты жашыруу") боюнча шектүү катары каралып жатат.
Ички иштер органдарынан билдиришкендей, милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынган. Ал эми 6-сентябрда Бишкек ШИИБдин кайгуул-күзөт милициясынын эки кызматкери кармалган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бүгүн Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагында эки элдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Чыр Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында чыккан. Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип ишти токтотууну талап кылышкан. Натыйжада эки жак талашып-тартыша кетишкен.
"Окуя болгон аймакка Баткен жана Исфара райондорунун акимдери башында турган тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да аймакта болуп, облус башчысы Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумдун алкагында жолугуп, талкуулоону макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.Ал эми 18-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр уланат.
Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Маалыматта тажик тараптын жумуштарды биргеликте жасоо талабына кыргыз тарап макул болбогону айтылды. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу.