Бишкекте 5-класстын окуучусун дене тарбия сабагында футбол дарбазасы басып калды

© AFP / LEON NEALДети играют в футбол
Дети играют в футбол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын башы жарылганы айтылды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте 5-класстын окуучусун футбол дарбазасы басып калганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Кырсык 6-сентябрь күнү Ак-Ордо конушундагы мектептердин биринде дене тарбия сабагы учурунда болгон. Алгач тестиер кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин балдар клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө которулган. Азырынча абалы орточо оор деп бааланууда.

"Баланын башы жарылган. Ооруканага эсин жоготкон абалда алып келишти", — дешти министрликтен.

Ушу тапта Бишкек милициясы окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0