Аёосуз сабалгандар. Сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЗаседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева
Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишти УКМК тергеп жатат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук соту үч эркек кишини мыкаачылык менен сабагандарды тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарганын шаар милициясы билдирди.

Шектүүлөр камакта эки айга чейин болушат.

Белгилей кетсек, Жал кичирайонундагы супермаркеттин жанынан эркек кишилердин аёосуз токмоктолгону тууралуу маалымат милицияга 28-август күнү түшкөн. Окуя болгон жерге кайгуул-күзөт кызматы менен Чүй облустук милициянын кызматкери Казыбек Бапышев келип, эки шектүүнү алып кеткен. Ал эми жабырлануучулар ооруканага жеткирилет.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Аёосуз сабалгандар. Бишкектеги мушташ эмнеден чыкканы айтылды
Бул ишке шектүү катары Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков кармалып, экөө Казыбек Бапышевдин бир тууганы экени аныкталат

Ленин районунун прокуратурасы эркектер сабалган жерге келген төрт милиционердин үстүнөн иш козгоп, тартип сакчыларына Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кылмышты жашыруу" беренелери боюнча айып коюлган.

Мындан тышкары, милициянын №2 бөлүмүнүн тергөөчүсү менен иликтөө кызматынын начальниги иштен алынган. Дисциплинардык уставдын талабын бузганы үчүн ошол эле бөлүмдүн нөөмөттөгү инспектору менен жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Казыбек Бапышев жеке кызыкчылыгына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмышты жашырганы үчүн укук коргоо органдарынан бошотулду.

Ишти УКМК тергеп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0