БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде саат 15:00дөр чамасында Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунаа түндүк тарапты көздөй бара жатып №8 автобус менен кагышкан. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы болгондон кийин автобус жол четиндеги бакты барып сүзгөн.
Кырсык болгон жерден Skoda Octavia үлгүсүндөгү автоунаадагы төрт бала каза болуп, бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.
Андан сырткары, автобустун айдоочусу менен жүргүнчүлөр да жабыркаган.
Учурда кырсык болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатат. Каза болгондордун ким экени жана жаракат алган кишилердин саны такталууда.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Франциялык депутат, миллиардер Оливье Дассо Нормандиядагы (өлкөнүн түндүгү) авиакырсыктан набыт болду. Бул тууралуу Europe 1 радиостанциясы жазды.
Маалыматка караганда, Тук коммунасында тик учак кыйрап, анын кесепетинен учкуч дагы каза болгон. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Twitter аркылуу көңүл айтты.
"Оливье Дассо Францияны жакшы көрчү. Ири ишкер, тандалган депутат, Аскер-аба күчтөрүнүн запастагы кол башчысы. Ал биздин өлкөгө өмүрүнүн аягына чейин кызмат кылды", — деп жазган Макрон.
"Республикачылар" партиясынын өкүлү 69 жашында көз жумду. Анын атасы Серж Дассо дагы миллиардер, белгилүү ишкер жана саясатчы болгон.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Талас облусунда чылымды аткезчилик менен жүктөп бара жаткан эки жүк ташуучу автоунааны кармашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, оор жүк ташуучу автоунаалар ири көлөмдөгү чылымды Кыргызстандын аймагынан чыгарып бара жатышкан.
"Кармалгандар ар кайсы өндүрүшчүлөр чыгарган 760 миңден ашык таңгак чылымды мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагаздарысыз ташып алып чыгып бара жаткан", — деп жазылат маалыматта.УКМКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан товардын баасы 40 миллион сомдон ашык болгон.
Аталган факт боюнча учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамсыз ишке тиешелүү тараптар такталууда.
Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Ирандан КРге мыйзамсыз алып келинген жарым миллиондой таңгак чылымды кармаган.